Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
18/01 16:54
 

Кытай премьер-министри Ли Кэцян Сооронбай Жээнбековго «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Бишкек, 18-январь /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын Премьери Ли Кэцян Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Дачи Су айылында катталган «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Телеграммада төмөндөгүдөй айтылат:

«Кыргызстандын аймагында көптөгөн адам курмандыктары жана жабыркагандар менен коштолгон 16-январда болуп өткөн авиациялык кырсыкты кайгыруу менен кабыл алдым. Кытай өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сиз аркылуу каза болгондордун үй бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтабыз жана жабыркагандардын тез арада сакайып кетишине тилектешпиз».

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу