Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
18/01 16:30
 

Саха Республикасынын Мамлекеттик жыйынынын төрагасы кыргызстандык кесиптешине көңүл айтты

Бишкек, 18-январь /Кабар/. Саха Республикасынын (Якутия) Мамлекеттик жыйынынын төрагасы Александр Жирков Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Дачи Су айылында 16-январда катталган «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Телеграммада төмөндөгүлөр айтылат:

«Саха Республикасынын (Якутия) Мамлекеттик жыйынынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана Кыргыз Республикасынын тургундарына «Боинг-747» жүк ташуучу учагы кырсыкташынын натыйжасында кайгылуу адам курмандыктарына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Саха Республикасынын (Якутия) тургундарынан авиакырсыктан жапа чеккендерге, алардын жакын туугандарына көңүл айтууңузду өтүнөбүз. Биз сиздердин кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз».

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу