Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
18/01 16:26
 

Чет элдиктерге диний визаны ТИМ узартып бере баштайт

Бишкек, 18-январь /Кабар/. Чет элдик жарандарга диний визаны узартып берүү менен эми Тышкы иштер министрлиги алектене баштайт. Бул тууралуу журналисттерге ТИМдин консулдук кызмат департаментинин жетекчиси Бакыт Кыдыров билдирди.

Анын айтымында, мурда диний визаны узартууну Мамлекеттик каттоо кызматы ишке ашырып келген.
“Көпчүлүк учурда мындай визалар зыяратчыларга жана миссионерлерге берилет, алар дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен бирдикте каралат”,-деди ал.

Белгилей кетүүчү жагдай, алгачкы визалардын бардык түрү чет элдеги мекемелерде түзүлөт.
Ал арада КР ТИМдин консулдук кызмат департаментинин паспорт-виза бөлүмүнүн биринчи катчысы Бакыт Асаналиев 2016-жылдын ноябрь айынан баштап бир дагы диний виза узартыла электигин билдирди.

Чет элдиктерге визаны узартуу кызматы 2016-жылы 4-ноябрдан баштап толугу менен ТИМге өткөн. Визаны түзүү жана берүү системасындагы жаңычылдыктар Өкмөттүн токтому долбоору боюнча 1-марттан баштап күчүнө кирет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу