Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
18/01 16:11
 

Авиакырсыктан каза болгондордун дарегине акаарат келтирген сөздөрдү жазгандыгы үчүн кыргызстандык кыз 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

Авиакырсыктан каза болгондордун дарегине акаарат келтирген сөздөрдү жазгандыгы үчүн кыргызстандык кыз 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

Tengrinews. 2017-жылдын 16-январында Бишкектин жанындагы авиакырсыктан каза болгондордун жана жабыркагандардын дарегине акаарат келтирген сөздөрдү соцтармактарга жазгандыгы үчүн кыргызстандык кыз 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасынын кабарчысына КР УКМКнын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмүнөн билдирди.

1984-жылкы Таттыгүл Дөөталиева КР УКМКсына суракка чакыртылган. Тергөөчү менен сүйлөшкөн соң ага расмий эскертүүү берилген.

Т.Дөөталиева Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына “Бишкектеги авиакырсык - бул кандайдыр бир табыгый тандоо, улутту тазалоо”, деп жазган. Ошондой эле, ал каза болгондордун көпчүлүгү өлкөнүн түштүк аймагынан чыккандар экенин белгилеген.

Учурда УКМК Дөөталиеванын жарыялаган билдирүүсүнө лингвистикалык экспертиза белгиледи. Эгерде адистер ал кыз тарабынан улуттар жана аймактар аралык чагымга чакырык болгондугун дадилдешсе, анда ага расмий күнөө тагылат. Андан ары анын күнөөсү аныкталса, анда ал 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин Т.Дөөталиева Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) окутуучусу болуп иштегени жана КР Эмгек Кодексинин 83-беренесинин 8-пункту боюнча КММАнын ректору Индра Кудайбергенованын буйругу менен “таалим-тарбия кызматын аткарып жатып, ишине төп келбеген жоосунсуз жорук жасады” делип кызматынан бошотулганы маалымдалган.

Эске сала кетсек, 16-январда саат 7.17де Боинг 747-400 самолету Бишкектин жанындагы Дача-Суу айылына кулаган. Акыркы маалыматтарга караганда 23 үй талкаланып, 38 адам каза тапкан. Самолет Гонконг-Бишкек-Стамбул багытында учуп, «Манас» аэропортуна бензин куюу үчүн конмокчу болгон.
Бүгүн каза болгондордун баары жерге берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу