Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
18/01 16:07
 

Чехиянын Премьер-министри Богуслав Соботка Сооронбай Жээнбековго учак кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Бишкек, 18-январь /Кабар/. Чехия Республикасынын Премьер-министри Богуслав Соботка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Дачи Су айылында катталган «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Телеграммада мындай деп айтылат:

«Сиздердин өлкөнүн борборунан анча алыс эмес жерде 16-январда, көптөгөн жарандардын өмүрүн алган авиа кырсык тууралуу маалыматты терең кайгыруу менен кабыл алдык. Буга байланыштуу Чех Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан Сизге, кайгылуу окуядан улам каза болгондордун жакындарына терең кайрыгуу менен көңүл айтам».

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу