«Боинг-747» авиа кырсыгы болгон жайдан экинчи «кара ящик» табылды
Бишкек, 18-январь /Кабар/. Бүгүн, 18-январда, « Чүй облусунун Сокулук районундагы Дачи Су айылында «Боинг-747» авиа кырсыгы болгон жайдан экинчи «кара ящик» табылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Эске салсак, кечээ 17-январда, изеп-куткаруу иштеринин жүрүшүндө учактын борттук биринчи «кара кутусу» табылган.
Аталган борттук жазуулары бар кара кутулардын маалыматтарын 17-январда Кыргызстанга келген Эл аралык авиациялык комитеттин адистери талдоого алат. «Кара кутуларды» чечмелөө үчүн (Россия Федерациясынын) Москва шаарына жөнөтүлөт.