Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
18/01 15:34
 

Дүйнө жүзү боюнча кайдыгер эмес адамдар учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам чогултушууда

Дүйнө жүзү боюнча кайдыгер эмес адамдар учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам чогултушууда

Бишкек, 18-январь /Айжамал Дүйшоева-Кабар/. Бүткүл дүйнө жүзү боюнча кайдыгер эмес адамдар Бишкектин жанындагы учак кырсыгынан каза болгон жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жардам чогултушууда.

38 адамдын өмүрүн алган Бишкектеги учак кырсыгы кыргызстандыктарды кайдыгер калтырган жок. Жардам чогултуу кырсыктан кийин эле башталып, азыр дагы жеке компаниялар, жөнөкөй эле жарандар, ишкерлер тарабынан улантылууда, ошондой эле мамлекеттик органдар жылуу кийимдерди жана акча каражатын кабыл алуу пунктарын ачты. Ведомстволордун жамааты жардамга бир күндүк эмгек акысын которуу тууралуу билдиришти.

КР ӨКМ “Боинг 747-400” учагынын кыйрашынын кесепетинен жабыркагандар үчүн бирдиктүү эсеп ачты, ага 2 млн сомдон ашык каражат түштү, акча которгондордун аягы сууй элек.

Ошондой эле, чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар дагы четте карап турушкан жок. Биздин мекендештер дүйнө жүзү боюнча каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга жардам чогултууну уюштурушту. Интернет колдонуучулар өздөрүнүн билдирүүсүндө кайгылуу окуя ар бир кыргызстандыкты кайдыгер калтырбаганын белгишкен. Учак кырсыгынан жабыркагандарга Түркия, Казакстан, Россия, АКШ жана башка өлкөлөрдөгү мекендештер үн кошууда.

Жардам чогултууга кыргызстандыктар эле эмес, Кыргызстандын жалпы кайгысын тең бөлүшкөн чет өлкөлүктөр дагы катышууда.

АКШда жашаган кыргызстандык Айнура Калмурзаева сайтта баракча ачкан, ага кайдыгер эмес ар бир адам Бишкектин жанында учак кырсыгынан каза болгон жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жардам которо алышат.

АКШнын жарандары төмөнкүлөрдү жазышкан:
Анна Кац: “Менин жүрөгүм Кыргызстан жана анын эли менен. Мен жалгыз сиздердин кооз жериңиздерде саякаттап жүргөндө көрсөткөн жакшылыгыңыздар үчүн рахмат”.
Стивен Пейс: “Оор учурда көрсөткөн чоң эмес жардам алдыга үрөйт”.

Bobbe Barnes: “Бул аз сумма үй-бүлөсүз жана үй-жайысыз калгандарга жардам болот деп ишенем”

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу