Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
18/01 14:32
 

Кыргызстан Ислам Университетинде учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам берүү максатында кайрымдуулук акциясы башталды

Кыргызстан Ислам Университетинде учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам берүү максатында кайрымдуулук акциясы башталды

Бишкек, 18-январь /Кабар/. Кыргызстан Ислам Университетинде 16-январда Сокулук районунун Дача СУ айылындагы учак кырсыгынан улам каза болгон мекендештерибиздин туугандарына жардам чогултуу максатында кайрымдуулук акциясы башталды. Иш-чара Куран окуу менен башталып, анын сообу маркумдарга багышталды. КИУнун эмгек жамааты уюштурган иш-чаранын ачылышына Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басарлары Акимжан ажы Эргешов, Жоробай ажы Шергазыев, КИУнун ректору Марс Ибраев жана дин аалымдары, коноктор, КИУнун мугалимдери жана студенттери катышышты. Бул тууралуу муфтияттын малымат кызматы билдирди.

Иш-чара алкагында КИУнун ректору жалпы журтчулукту мындай кыйын мезгилде бир денедей болууга чакырып, уюштурулуп жаткан кайрымдуулук акциясына коңүл кош карабоого үндөдү. Ошондой эле КИУнун жалпы эмгек жамаатынын атынан 1 күндүк айлык акыларын кутучага салып, мекендештерди активдүү болууга үндөдү.

Ал эми Азирети Муфтийдин орун басары Акимжан ажы Эргешов Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин көңүл айтуусун жеткирип, оор мезгилде бирге болуп, жабыр тарткан атуулдарга жалпы дин кызматкерлери, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы даяр экендигин билдирди. Муну менен катар Акимжан ажы Эргешов 20-январда өлкө аймагындагы мечиттерде маркумдар эскерилип, аларга Куран окулуп, мамлекетибиздин тынчыты, элибиздин биримдиги үчүн бата-тилектер айтылаарын баса белгилеп, орнотулган жардам кутучасына КМДБнын жана жеке өзүнүн атынан акчалай жардамын көрсөттү.

«Кайгы-капада баарыбыз биргеликте бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, жардам колун суналык. Каалоочулар үчүн эшик ачык жана кайрымдуулуктун ар кандай түрү кабыл алынат»,-деди уюштуруу тобу.

Учурда КИУнун жыйындар залында атайын кутуча орнотулуп, келип түшкөн каражаттар чогултулууда. Топтолгон каражатты атайын түзүлгөн комиссия мүчөлөрү такташып, атайын ачылган эсептик счетко которуп беришет.

Жардам берүүнү каалаганда үчүн эшик ачык.
Байланыш телефондору: 0701999976, 0776882707, 0700177177

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу