Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
18/01 13:48
 

Бишкек жана Алматылык балдар өздөрүнүн кутуларын сындырышып, акчаларын учак кырсыгынан жабыркагандарга беришүүдө

 Бишкек жана Алматылык балдар өздөрүнүн кутуларын сындырышып, акчаларын учак кырсыгынан жабыркагандарга беришүүдө

Бишкек, 18-январь /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. Бишкектик Амина аттуу кыз өзүнүн акча чогулткан кутусун сындырып, 2 миң сом акчасын учак кырсыгынан жабыркагандарда жардам көрсөтүү үчүн берген. Бул тууралуу “Назик” бала бакчасынын жетекчилигине шилтеме берүү менен социалдык тармактын колдонуучулары билдирди.

“Назик” бала бакчасынын даярдоо тобунда окуган Амина өзүнүн акча чогулткан кутусундагы тыйындарды учак кырсыгынан жабыркаган адамдарда берген. Кутуда 2000 сом болгон. Акча Чүй-Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Аромагия” дүкөнүнө берилди”,-деп айтылат билдирүүдө.

Today.kz сайтынын билдирүүсү боюнча, Алматыдагы Бишкектеги учак кырсыгынын натыйжасында жабыркагандарга жардам кабыл алуу пунктуна кичинекей Мухамед жана Малика Мурзаевдер келишип, кайрымдуулук үчүн өздөрүнүн кутусун сындырышкан.
Көрсө балдар акчаны өздөрүнө оюнчук, ал эми апасына тон сатып берүү үчүн чогултуп жатышкан.

Балдардын апасы Баян Мубаракованын айтымында, биринчи анын улуу баласы Мухамед жардамга муктаждарга жардам берүүнү айткан.

Эскерте кетсек, 16-январь күнү саат 07:17 де Боинг 747-400 жүк ташуучу учагы “Манас” аэропортуна коно албай, аэропортко жакын жердеги Дача-Суу айылындагы турак-үйлөргө кулаган. Учак Гонконгдон Стамбулга багыт алган, Бишкекке май куюу үчүн токтомок. Учак кырсыгынан 38 адам каза болду, анын ичинде экипаждын 4 мүчөсү бар. Жүу ташуучу учак Түрк компаниясына тиешелүү болчу.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу