Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
18/01 12:49
 

“Кыргыз темир жолу” ишканасы учак кырсыгынан жабыркагандарга 3 млн сом жардам көрсөттү

“Кыргыз темир жолу” ишканасы учак кырсыгынан жабыркагандарга 3 млн сом жардам көрсөттү

Бишкек, 18-январь /Кабар/. “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы авиакырсыктан жапа чеккендер үчүн 3 миллион сом материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын бүгүнкү жыйыны “Манас” эл аралык аба майданынын жанындагы аймакта катталган учак кырсыгынын курмандыктарын ордуларынан туруп эскерүү менен башталды.

Авиакырсыктан жапа чеккендер үчүн жардам көргөзүү маселеси каралып, темир жолчулар турак-жайсыз калып, колдоого муктаж болгондор үчүн бир күндүк эмгек акысын которуп берүү чечимин кабыл алышты.

Кыргызстандын темир жолчуларынын бир күндүк эмгек акысы 3 млн сомду түзөт. Мындай чечимге темир жолчулар бир добуштан макул болушуп, Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача СУ айылында «Боинг-747» учагынан жапа чеккендердин атайын эсебине аталган акча каражаты которулуп берилди.

Ошондой эле, “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу