Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
18/01 11:46
 

КМШ ПАА Кеңешинин катчылыгынын делегациясы Кыргызстандагы авиакырсыктан каза болгондорду эскеришти

 КМШ ПАА Кеңешинин катчылыгынын делегациясы Кыргызстандагы авиакырсыктан каза болгондорду эскеришти

Бишкек, 18-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы бөлүмүндө Бишкек шаарынын четиндеги авиакырсыкка байланыштуу көңүл айтуу китепчеси ачылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысы – КМШ ПАА Кеңешинин катчылыгынын башчысы Алексей Сергеев, КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысынын орун басарлары – Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын ыйгарым укуктуу өкүлү Айк Чилингарян, Казакстан Республикасынын парламентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Халел Бакенов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев, Орусия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ирина Соколова, Тажикстан Республикасынын Оли Мажлисинин ыйгарым укуктуу өкүлү Ибод Рахимов жана ЖККУ ПАнын жооптуу катчысы Петр Рябухин авиакырсыкта каза болгондорду эскеришти. Алар эскерүү китепчесине “Мындай кайгылуу мүнөттөрдө биз Кыргызстан элинин аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Бул трагедияда каза болгондордун туугандары менен жакындарына терең кайгыруу менен кайрат айтабыз” деген көңүл айтууларын калтырышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу