Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
18/01 11:32
 

Бүгүн Манас айылында «Кут билим» гезитинин кызматкери Наргиза Жумакунова, анын күйөөсү жана 2 баласы жерге берилет

Бүгүн Манас айылында «Кут билим» гезитинин кызматкери Наргиза Жумакунова, анын күйөөсү жана 2 баласы жерге берилет

Бишкек, 18-январь /Кабар/. Бүгүн Манас айылында «Кут билим» гезитинин кызматкери Наргиза Жумакунова, анын күйөөсү Дербишалиев Азамат жана алардын 2 баласы - 5-жаштагы Актан менен 4-айлык Раяна жерге берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Наргиза Жумакунова болгону 32 жашта болчу. Ал күйөөсү экөө самолет кулаганда эки баласын калкалап жыгылышкан. Үй-бүлөдөн эрте менен эрте мектепке кеткен 1-класстын окуучусу Султан гана аман калган.

Маркумдарды жерге берүүгө Манас айылына адамдар үй-бүлөлөрү менен келишүүдө. Маркумдарга куран түшүрүүгө Билим берүү жана илим министрлигинин жааматы жана министр Гүлмира Кудайбергенова келди.

Каза болгондордун туугандарына жардам катары акча каражаты берилди.

Мындан мурда ведомствонун жамааты авиакырсыктан жапа чеккендерге жардам фондуна бир күндүк эмгек акыларын которушкан.

1 из 2

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу