Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
18/01 11:24
 

Талас облустук соту студенттер үчүн конкурс жарыялайт

Талас облустук соту студенттер үчүн конкурс жарыялайт

Бишкек, 18-январь /Кабар/. Талас облустук соту Кыргыз Республикасынын сот кызматкерлеринин күнүнө карата «Мен эмнеге судья болгум келет?» деген темада дилбаяндардын конкурсун жарыялайт. Бул тууралуу Талас облустук сотунун басма-сөз кызматы билдирди.

Конкурс студенттердин мыкты дилбаяндарын аныктап, келечектеги кесибине мамилесин ачат, ошондой эле студенттердин судьянын иши жөнүндө маалымдуулугун жогорулатып, судья кесибинин маанилүүлүгүн жана жоопкерчиликтүүлүгүн түшүнүү максатында өткөрүлөт.

Төмөндөгүлөр конкурстун катышуучусу боло алат:
- жогорку окуу жайлардын юридикалык факультетинин 4-5-курсунун студенттери;
- катышуучу окуган жеринен, окуу бөлүмү менен тастыкталган тактамасын берүү зарыл
(электрондук почтага, акыркы 1 айдын ичиндеги);
- конкурска катышкан студенттин окуу жайынан мүнөздөмөсү (электрондук почтага).

Дилбаяндын тариздөө талаптары:
- 2 барактан ашпаган MS Word редакторунда, кыргыз же орус тилинде;
- шрифт: өлчөмү (кегль) – 14, тиби – Times New Roman, сап интервалы – 1,5.

Өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөтү:
Конкурска катышууга каалагандарга зарыл:
- дилбаяндын электрондук вариантын talas.oblasttuksot@mail.ru электрондук почтасына жөнөтүү керек;
- иштер 2017-жылдын 26-февралына чейин кабыл алынат;
- жеңүүчүлөрдү сыйлоо 2017-жылдын 3-мартында өткөрүлөт;
- конкурстун жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун www.jogorku.sot.kg расмий сайтында жарыяланат.

Өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышат. 1-5-орунга чейин алган жеңүүчүлөр Талас облустук сотунда такшалма өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Такшалманын өтүү тартиби жана датасы алдын ала сүйлөшүлөт.

Конкурстук комиссия кошумча белектерди жана мактоо баракчаларын уюштурууга укуктуу.

Байланыш телефону: 03422 5-39-80.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу