Авиакырсыктан каза болгондордун жана жапа чеккендердин дарегине акаарат келтирген сөздөрдү соцтармактарга жазгандыгы үчүн КММАнын окутуучусу Таттыгүл Дөөталиева кызматынан бошотулду

Бишкек, 18-январь /Кабар/. Бишкектин жанындагы авиакырсыктан каза болгондордун жана жапа чеккендердин дарегине акаарат келтирген сөздөрдү соцтармактарга жазгандыгы үчүн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) окутуучусу Таттыгүл Дөөталиева кызматынан бошотулду.
ЖОЖдун басма сөз кызматы билдиргендей, Т.Дөөталиева КР Эмгек Кодексинин 83-беренесинин 8-пункту боюнча КММАнын ректору Индра Кудайбергенованын буйругу менен бошотулду.
“Ал таалим-тарбия кызматын аткарып жатып, ишине төп келбеген жоосунсуз жорук жасады”,-деп белгилешти академиядан.
Эскерте кетсек, Таттыгүл Дөөталиева Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына “Бишкектеги авиакырсык - бул табыгый тандоо, улутту тазалоо”, деп жазган. Ошондой эле ал “бардык азап түштүктүктөрдөн улам болуп жатат”, ж.б.у.с. деген. Парламентте депутат Улугбек Ормонов муну “улуттар ортосуна чагым салуу”, деп атап, ИИМ менен УКМКны мындай жорукту териштирүүгө, алтургай кылмыш ишин козгоого чакырган.