Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
18/01 10:41
 

“Боинг-747” учагы кырсыкка кабыл жерде издөө жана урандыларды тазалоо иштери уланууда – ӨКМ

 “Боинг-747” учагы кырсыкка кабыл жерде издөө жана урандыларды тазалоо иштери уланууда – ӨКМ

Бишкек, 18-январь /Кабар/. “Боинг – 747” жүк ташуучу учагы кыйраган жайда издөө жана урандыларды талдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР ӨКМнин 300 куткаруучусу жогоруда айтылган иштерге тартылган.
ӨКМ куткаруучулары аскер кызматкерлеринин тамак-аш пайкасына ылайык ысык тамак менен камсыз болушкан, алар үчүн жылынуу жана эс алуу орундары уюштурулган.

112 – түз байланыш линиясы иштеп жатат.

Эскерте кетсек, 16-январь күнү саат 07:17 де Боинг 747-400 жүк ташуучу учагы “Манас” аэропортуна коно албай, аэропортко жакын жердеги Дача-Суу айылындагы турак-үйлөргө кулаган. Учак Гонконгдон Стамбулга багыт алган, Бишкекке май куюу үчүн токтомок. Учак кырсыгынан 38 адам каза болду, анын ичинде экипаждын 4 мүчөсү бар. Жүу ташуучу учак Түрк компаниясына тиешелүү болчу.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу