Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
18/01 10:01
 

Кыргызстанда билим берүү системасынын кызматкерлери үчүн “Ден соолук” Бишкек Спартакиадасы башталды

Кыргызстанда билим берүү системасынын кызматкерлери үчүн “Ден соолук” Бишкек Спартакиадасы башталды

Бишкек, 18-январь /Кабар/. Кыргызстанда билим берүү системасынын кызматкерлери үчүн “Ден соолук” Бишкек Спартакиадасы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, аталган иш-чара Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Жаштык” спорт жана ден соолуктуу чыңдоо борбору тарабынан уштурулган.

Волейбол, стритбол, тогуз-коргоол, футбол, шахмат, үстөл тенниси жана ордо боюнча мелдештерге 100дөн ашык адам катышуда.
Тандалып алынган күчтүү командалар 2017-жылы өтө турган “Ден соолук” республикалык спартакиадасынын финалдык таймашына катышат.

Мелдештин максаты – ЖОЖдордун жана атайын орто окуу жайларынын кызматкерлеринин арасында спортту жана дене тарбияны чыңдоо иш-чараларын жайылтуу болуп эсептелет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу