Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
18/01 09:31
 

Учак кырсыгынын натыйжасында каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт

Бишкек, 18-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан Чүй облусунун Сокулук районунда 2017-жылдын 16-январында Боинг-747 аба кемесинин авиациялык кырсыкка учурашынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө каражаттар бөлүнөт. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын авиациялык кырсыктан каза болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын үй-бүлөсүнө 70000 (жетимиш миң) сомдон төлөнүп берилет.

Авиациялык кырсык 2017-жылдын 16-январында, Чүй облусунун Сокулук районунда болуп, 17-январга карата 37 жарандын өмүрүн алды. Анын ичинде 34ү Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу