Легендарлуу парламенттин төрагасы М.Шеримкулов авикырсыктан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтты

Бишкек, 17-январь /Кабар/. Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов авикырсыктан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтаарын билдирди.
“Авиакырсыктан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Бул кайгылуу окуядан жапа чеккендердин бат сакайып кетишин тилейм. Биздин элибизге, мамлекетибизге тынччылык, бейпилчилик беришин Алладан суранам”,-деп айтты Медеткан Шеримкулов.
Эске сала кетсек, кечээ 16-январда саат 7.17де Боинг 747-400 самолету Бишкектин жанындагы Дача-Суу айылына кулаган. Акыркы маалыматтарга караганда 23 үй талкаланып, 38 адам каза тапкан. Алардын төртөө экипаж мүчөлөрү. Самолет Гонконг-Бишкек-Стамбул багытында учуп, «Манас» аэропортунан бензин куюу үчүн конмокчу болгон.