Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
17/01 17:07
 

“Боинг-747” учагы кыйраган жердеги бузулган трансформатордук подстанцияларды оңдоо иштери толук бүттү

 “Боинг-747” учагы кыйраган жердеги бузулган трансформатордук подстанцияларды оңдоо иштери толук бүттү

Бишкек, 17-январь /Салтанат Абдраева-Кабар/. “Боинг – 747” учагы кыйраган жердеги бузулган трансформатордук подстанцияларды оңдоо иштери толук аяктады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын Улуттук энергохолдинг компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Түндүкэлектр” ААКтын кызматкерлери кыска мөөнөттүн ичинде бузулган подстанцияларды оңдоп бүтүштү, андан тышкары кошумча 1,5 км проводун тартуу менен 6 тирөөчтү тургузуу боюнча иштер жүргүзүлгөн.

“Жабдыктардын кубаттуулугунун айынан “Манас” аэропортунан бөлүнгөн 400 кВА трансформатордун ордуна “Түндүкэлектр” ААктан бөлүнгөн 630 кВА кубаттуулуктагы трансформатор орнотуу чечими кабыл алынды. Азыркы учурда энергетиктер тогу жок режимде орнотулган 630 кВА кубаттуулуктагы трансформатордук подстанцияны сынап көрүү боюнча иштерди жүргүзүшүүдө”,-деп айтылат энегохолдингдин маалыматында.

Алар белгилегендей, Дача-Суу айылына электр энергиясын берүүнү кабылына келтирүү боюнча бардык иштерди 17-январь саат 19:00го чейин бүткөрүү пландалууда. Оңдоо иштери “Түндүкэлектр” ААКтын Сокулук РЭСинин электромантерлорунун 5 ыкчам-оңдоо бригадасы тарабынан кыска мөөнөттө аткарылды.

Мындан тышкары, суу мунарасын оңдоо, аталган айылдын жашоочуларын таза суу менен камсыздоо боюнча иштер калыбына келтрилет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу