Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
17/01 16:36
 

Авиакырсыкты табигый тандоо деп атаган КММАнын окутуучусуна укуктук баа берилет – УКМК

Авиакырсыкты табигый тандоо деп атаган КММАнын окутуучусуна укуктук баа берилет – УКМК

Бишкек, 17-январь /Кабар/. КР улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) авиакырсыкты табигый тандоо деп атаган Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) окутуучусу Таттыгүл Дөөталиевага укуктук баа берилерин билдирди.

УКМКнын басма сөз кызматы учурда бул боюнча бардык жагдайлар иликтенип жатканын маалымдады.
Ал эми КММАнын басма сөзү Таттыгүл Дөөталиева аталган ЖОЖдо иштээрин тастыктады.

“Академиянын ректору И.Кудайбергенова аны менен сүйлөштү. Т.Дөөталиева андай деп жазбаганын, кимдир бирөө анын атынан жазып жибергенин айтты. Бирок, окуу жайдын жетекчилиги эгерде анын күнөөсү аныктала турган болсо, катуу чара колдонула турганын эскертти”,-деген басма сөз кызматы, ошондой эле УКМКнын кызматкерлери да ЖОЖго келип, Т.Дөөталиева менен сүйлөшкөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Таттыгүл Дөөталиева Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына Бишкектеги авиакырсык - бул табыгый тандоо, улутту тазалоо, деп жазган. Ошондой эле ал бардык азап түштүктүктөрдөн улам болуп жатат жана башка ушул сыяктуу билдирүүсүн калтырган. Парламентте депутат Улугбек Ормонов муну улуттар ортосуна чагым салуу деп атап, ИИМ менен УКМКны мындай жорукту териштирүүгө, алтургай кылмыш ишин козгоого чакырган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу