Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
17/01 16:03
 

«Боинг-747» авиа кырсыгынан каза болгон 34 жарандын сөөгү туугандарына берилди

Бишкек, 17-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо минисрлигинин маалыматы боюнча Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна мурдараак келип түшкөн, Чүй облусунун Сокулук районунун Дача-Суу айылындагы «Боинг-747» авиа кырсыгынан каза болгон 37 жарандын сөөгүнүн өздүгү таанылды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Авиа кырсыктан кийин каза болгондордун туугандары 34 сөөктүн баарын алып кетишти. Азыркы учурда өлүкканада учактын экипажынын үч мүчөсүнүн сөөктөрү турат. Азырынча Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна дагы бир экипаж мүчөсүнүн сөөгү алынып келине элек. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министриги кырсык катталган жайда издөө иштерин улантууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу