17.01.2017, 15:56

ИИМ: Айыл тургундары учак кыйраган жерден табылган күндөлүк керектелүүчү буюмдарды өздөрү милиция кызматкерлерине тапшырышууда

ИИМ: Айыл тургундары учак кыйраган жерден табылган күндөлүк керектелүүчү буюмдарды өздөрү милиция кызматкерлерине тапшырышууда

Бишкек, 17-январь /Кабар/. Айыл тургундары самолет кыйраган жерден табылган күндөлүк керектелүүчү буюмдарды өздөрү милиция кызматкерлерине тапшырышууда, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан кырсык болгон жер курчоого алынып, коомдук тартипти сактоо, зарыл иликтөө-издөө иштери жүргүзүлүүдө. Коомдук тартипти сактоону камсыз кылуунун жүрүшүндө айыл тургандарынын төртөө Боинг 747 самолетунун бортунан түшүп калган күндөлүк керектелүүчү буюмдарды Сокулук РИИБсынын кызматкерлерине тапшырышты. Коомдук тартип КР ички иштер органдарынын 500дөн ашуун кызматкерлери тарабынан камсыз кылынууда.