Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
17/01 15:49
 

ТИМ: Стамбулдагы терактка шектүү А.Машараповду Кыргызстандын жараны жашырган эмес

 ТИМ: Стамбулдагы терактка шектүү А.Машараповду Кыргызстандын жараны жашырган эмес

Бишкек, 17-январь /Кабар/. Стамбулдагы терактка шектүү өзбек жараны Абдулгадир Машараповду Кыргызстандын жараны жашырган эмес. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылы 16-январда түнкү саат 12 лер чамасында түрк укук коргоо органдарынын атайын операциясынын жүрүшүндө Өзбекстандын жараны Абдулгадир Машарапов кармалган. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматы боюнча, А.Машарапов Стамбул шаарындагы Эсенюрт районунда өзүнүн кыргыз жараны болгон таанышынын батиринде жашырынып жаткан.

“Жергиликтүү ЖМКлар көрсөткөн КРнын жараны тууралуу маалыматтты Стамбул шаарынын губернатору В.Шахин жокко чыгарды. Ал 2017-жылы 17-январда өзүнүн сөзүндө А.Машарапов менен бирге Сенегал, Сомали, Египет жарандары, андан тышкары А.Машараповду жашырууга шектүү катары Ирандын жараны кармалганын билдирди. Кармалгандардын арасында КРнын жараны айтылган жок”,-деп айтылат билдирүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу