17.01.2017, 14:59

Бишкектин «Чыгыш» көмөкчордонунда трансформаторлордун бири иштен чыккандыгына байланыштуу башкалаанын айрым райондоруна электр берүү убактылуу токтогон

Бишкектин «Чыгыш» көмөкчордонунда трансформаторлордун бири иштен чыккандыгына байланыштуу башкалаанын айрым райондоруна электр берүү убактылуу токтогон

Бишкек, 17-январь /Кабар/. Бишкек шаарынын «Чыгыш» көмөкчордонунда трансформаторлордун бири иштен чыккандыгына байланыштуу башкалаанын айрым райондоруна электр берүү убактылуу токтогон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Кыргызстандын Улуттук электр тармактары” ААКтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Чыгыш» көмөкчордонундагы трансформаторлордун бири саат 12:33тө иштебей калган. “Кыргызстандын Улуттук электр тармактары” ААКтын тийиштүү кызматы транформаторду калыбына келтирди”,-дешти басма сөз кызматынан.

Малыматка ылайык, электр тогу шаардын чыгыш бөлүгүндө үзгүлтүккө учураган.

Ахунбаев, Горький, Карл Маркс, Медеров, Байтик Баатыр жана Курманжан датка көчөлөрүндө электр берүү убактылуу токтогон.