Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
17/01 14:29
 

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын жамааты 1 күндүк эмгек акысын кырсыктан жабыркагандарга которот

Бишкек, 17-январь /Кабар/. Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын жамааты бир кундук эмгек акыларын “Боинг 747” авикырсыгынан жабыр тарткандарга которот. Бул туурасында мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 16-январдын таңы кыргыз эли үчүн оор жоготуу менен атты. Таңкы таттуу уйкуда жаткан мекендештерибиздин өмүрүн алган каргашалуу окуяга байланыштуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын эмгек жамааты шейит кеткендердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана кырсыктан жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин тилейт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу