17.01.2017, 13:13

“Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фонду учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам чогултууда

 “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фонду учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам чогултууда

Бишкек, 17-январь /Кабар/. «Элим барсынбы?» коомдук кайрымдуулук фонду JIA Бизнес ассоциациясы менен биргеликте 16-январда таң заарда болгон учак кырсыгында жабыр тарткандардын жакындарына жардам топтоодо. Ошондой эле гуманитардык жардамдарды кабыл алууда: кийим-кечек, жууркан-төшөк, азык-түлүк.

Фонддун басма сөз кызматы билдиргендей, азыркы учурда жогорудагы кайрымдуулук кылуу жолдору менен 143 222 сом топтолду. Жардам чогултуу уланууда.

Номер ЭлСОМ: ( 0772 44 30 54 )
Кененирээк маалымат үчүн: 0772039608