17.01.2017, 13:06

Өкмөттүн аппараты авиа кырсыгынан каза болгондордун жакындарына жана жабыр тарткандарга жардам иретинде бир күндүк айлык маянасын которот

Бишкек, 17-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлери «Манас» эл аралык аэропортуна жакын жерде Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу курулуш башкармалыгынын дачасында орун алган «Боинг-747» авиациялык кырсыгынын натыйжасында каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга көмөк көрсөтүү үчүн бир күндүк айлык маянасын которот. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынан билдирди.