17.01.2017, 12:18

Катар Мамлекетинин Эмири Кыргыз Республикасынын Президентине көӊүл айтты

Бишкек, 17-январь /Кабар/. Катар Мамлекетинин Эмири улуу мартабалуу Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Кыргыз Республикасынын Президенти улуу мартабалуу Алмазбек Атамбаев мырзанын дарегине багытталган Бишкек шаарындагы “Манас” аэропортунун жанында жүк ташуучу учактын кыйрашынын айынан курман болгондорго байланыштуу көӊүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Алла Тааладан жабыркагандарга тез сакайып кетүүсүн тиледи.