Коом

Июнь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30          
17/01 12:14
 

Авиакырсык болгон жерде 194 куткаруучу, 40 атайын техника, 255 милиция кызматкери издөө-куткаруу иш-аракеттерин жүргүзүшүүдө

Авиакырсык болгон жерде 194 куткаруучу, 40 атайын техника, 255 милиция кызматкери издөө-куткаруу иш-аракеттерин жүргүзүшүүдө

Бишкек, 17-январь /Кабар/. 17-январда эртең мененки саат 8:00дөн тартып издөө-куткаруу иштери уланууда, деп билдирди КР ӨКМнын басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, учурда авиакырсык болгон жерде КР ӨКМнын 194 куткаруучусу, КР Жарандык коргоосунун 40 атайын техникасы, ИИМдин 255 кызматкери издөө-куткаруу иш-аракеттерин жүргүзүшүүдө. Иш процессине КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов жетекчилик кылууда.

Эскерте кетсек, кечээ 16-январда саат 7.17де Боинг 747-400 самолету Бишкектин жанындагы Дача-Суу айылына кулаган. Акыркы маалыматтарга караганда 23 үй талкаланып, 38 адам каза тапкан. Самолет Гонконг-Бишкек-Стамбул багытында жүрүп, «Манас» аэропортуна бензин куюп алуу үчүн конмокчу болгон.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу