Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
17/01 11:47
 

20-январда өлкөнүн аймагындагы бардык мечиттерде учак кырсыгынан көз жумгандарга арналып куран окулат

 20-январда өлкөнүн аймагындагы бардык мечиттерде учак кырсыгынан көз жумгандарга арналып куран окулат

Бишкек, 17-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 17-январь Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгынын негизинде Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев «20-январь жума күнү өлкө аймагындагы бардык мечиттерде учак кырсыгынан улам көз жумган маркумдарга арналып Куран окуп, дуба кылуу жөнүндө» буйругун чыгарды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагындагы ар бир мечите мамлекетибиздин тынчтыгы, элибиздин саламаттыгы жана кырсыктан көз жумган мекендештерибизге арналып Куран окулуп, дуба тилектер айтылат. Ошондой эле, жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү максатында Муфтияттын түзүмүндөгү бардык дин кызматкерлери 1 күндүк эмгек акыларын которушат. Муну менен катар республиканын бардык аймагындагы жума окулган мечиттерде кырсыктан жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтүү максатында атайын кутучалар орнотулат. Топтолгон каражаттар атайын ачылган эсепке чегерилет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу