17.01.2017, 11:39

Эл аралык авиациялык комитеттин адистери бүгүн кечинде Бишкекке келишет - Кубатбек Боронов

 Эл аралык авиациялык комитеттин адистери бүгүн кечинде Бишкекке келишет - Кубатбек Боронов

Бишкек, 17-январь /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. Эл аралык авиациялык комитеттин (ЭАК) адистери бүгүн кечинде Бишкекке келишет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, Москвадан келе турган ЭАК мүчөлөрү Боинг 747-400 учагынынын кыйрашына иликтөө жүргүзүшөт.

“Ошондой эле, аларга “кара ящик” берилет, ал учак кыйраган жерден табылды”,-деди К.Боронов.

Эскерте кетсек, кечээ, 16-январда бишкек убактысы боюнча 7:17 де Боинг 747-400 жүк ташуучу учагы Дача-Суу айылына кулаган. Учак Гонконг-Бишкек-Стамбул маршруту боюнча багыт алган. “Манас” аэропортуна учак май коюу үчүн токтомок. Акыркы маалыматтар боюнча кырсыктан 38 адам каза болду, анын ичинен экипаждын 3 мүчөсү бар, дагы 2 сөөк тааныла элек.