Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
17/01 11:08
 

Учурда «Боинг-747» авиациялык кырсыгынын натыйжасында каза болгондордун туугандарына 31 сөөк берилди - Өкмөт

Бишкек, 17-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Республикалык сот-медициналык экспертиза борборуна Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу курулуш башкармалыгынын дачасында орун алган «Боинг-747» авиациялык кырсыгынын натыйжасында каза болгон 37 сөөк алынып келген. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Анын ичинде 31 сөөк туугандарына өткөрүлүп берилди. Ошондой эле Республикалык өлүкканада каза болгон 6 жарандын сөөгү турат, анын ичинде үч сөөк учактын экипаж мүчөлөрүнүкү жана үч сөөк Кыргыз Республикасынын жарандарыныкы.

Аймактарда туугандарына өткөрүлүп берилген сөөктөрдүн тизмеси кийинчерээк берилет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу