Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
17/01 11:01
 

Ошто 17-январь аза күтүү күнүнө карата туулар түшүрүлдү

Ошто 17-январь аза күтүү күнүнө карата туулар түшүрүлдү

Бишкек, 17-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасында 2017-жылдын 17-январы аза күтүү күнү деп жарыялангандыгына байланыштуу Ош шаарындагы борбордук аянтта жана шаардык мэриянын имаратында ошондой эле шаар аймагына илинген бардык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туулар түшүрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

КРнын Президентинин Жарлыгына ылайык ордо калаада жайгашкан маданият мекемелеринде , эс алуу жайларында жана телерадиокомпанияларында бүгүн оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн өткөрбөө жагы эскертилди.

16-январда саат 07:31 чамасында Чүй облусундагы Сокулук районунун Дача-Суу айылында Гонконг—Бишкек каттамындагы «Боинг-747» жүк ташуучу учагы кулап, жергиликтүү мекендештерибиз менен экипаж мүчөлөрү каза тапкан. Жүрөк үшүн алган бул апаатка биздин кабыргабыз кайышып турат. Адам өмүрү менен коштолгон кырсыкка кайдыгер карабаган шаар тургундары каза болгондордун жана жабыр тарткандардын үй бүлөсүнө жана жакындарына жардам колун сунууга даяр экендигин шаар мэри А.Кадырбаев билдирди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу