17.01.2017, 09:48

Билим берүү министрлигинин кызматкерлери учак кырсыгынан жабыркагандарга бир күндүк маянасын которушат

Бишкек, 17-январь /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери Дача-Суу айылында Боинг 747-400 учагы кулаганда жабыркагандарга бир күндүк маянасын которушат. Мындай чечим ведомствонун жамааты тарабынан кабыл алынды.

Мурда Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева Манас айылындагы Ат-Башы мектебине барган, анда Дача-Суу айылындагы учак кырсыгынан жабыркаган балдар чогултулууда.
Ведомствонун билдирүүсүндө айтылгандай, азыркы учурда мектепте бүгүн мектепке келбеген окуучулардын тизмеси такталып жатат. Дача-Суу айылындагы балдар аталган билим берүү мекемесинде окушчу.

Билим берүү министрлигинин жетекчилиги жана жамааты каза болгондордун жакындарына көңүл айтышып, жабыркагандарды тезирээк сакайып кетишин каалайт.