Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/01 22:08
 

АКШнын Бишкектеги Элчилиги кыргыз элине көңүл айтты

АКШнын Бишкектеги Элчилиги кыргыз элине көңүл айтты

Бишкек, 16-январь /Кабар/. Америка Кошмо Штаттарыны Кыргызстандагы элчилиги "Манас" аэропортунун жанындагы авиакырсыктын айынан курман болгондордун туугандарына, жалпы кыргыз элине кайрылуу жасап, көңүл айтты:

"Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын Элчилиги бүгүн эртең менен "Манас" эл аралык аэропортунун жанында учактын кыйрашынан улам каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтат. Биз ушул кыйын маалда оор кайгыга туш болгондордун азасын тең бөлүшөбүз. Кырсыктан жабыркагандар тез жана толук сакайып кетет деп үмүттөнөбүз. Ушул улуттук кайгы учурунда Америка Кошмо Штаттарынын Элчилиги Кыргыз Республикасы жана анын эли менен бирге".  

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу