16.01.2017, 22:02

Чүй облусунда учак кырсыгынан жабыркагандарга гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункту уюштурулду

Бишкек, 16-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү «Боинг -747» авиациялык кырсыгынан жабыркагандарда жардам берүү максатында гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пунктун уюштурду. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Гуманитардык жардам берүүнү каалагандар төмөнкү даректерге кайрылса болот: Лебединовка айылы, Ленин көчөсү 354 «А», Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн райондук администрациясынын имараты.

Жооптуу жарандардын телефондору: (0312) 60 97 40, (0555) 47 99 18, Максат; (0312) 60 97 50, (0551) 91 17 22, Мыктыбек; (0555) 13 57 00, Рыспек.

Белгилей кетсек, Чүй облусунун райондорунда жана шаарларында гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттары уюштурулду.