Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
16/01 21:26
 

Боинг экипажынын мүчөлөрүнүн сөөгүн түрк тарап кандайдыр бир жыйынтык чыккандан кийин алып кете алышат – М.Абулгазиев

Бишкек, 16-январь /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. Боинг 747-400 жүк таршуучу учагынын экипаж мүчөлөрүнүн сөөгүн түрк тарап кандайдыр бир жыйынтык алынгандан кийин алып кете алышат. Бул тууралуу окуя болгон жерде брифингде биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев билдирди.

Ал түрк компания иликтөө жүргузүү үчүн 2 комиссия тобун жөнөтөт деп белгиледи.
“Алар келишип, кандайдыр бир жыйынтык алынган соң экипаж мүчөлөрүнүн сөөгү түрк тарапка өткөрүлүп берилет. 28 сөөктү биздин жарандардын туугандары өлүкканадан алып кете алышат. Азыр 18 сөөктүн өздүгү такталды”,-деди ал.
Ошондой эле, М.Абулгазиев Боинг 747-400 учагынын ичинде 85 тонна товар болгонун, анын ичинде электроника жана кийимдер экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, бугүн эртең менен саат 07:10до Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Дача-Суу айылындагы турак үйлөрдун үстүнө жүк ташуучу – Боинг 747-400 түрк авиалиниясынын учагы кулаган. Учак кырсыгынын натыйжасында, акыркы маалыматтар боюнча, 23 үй жабыркап, 32 адам каза тапкан, анын ичинде чоңдор, балдар жана экипаждын мүчөлөрү бар. 13 адам жабыркады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу