Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
16/01 18:50
 

Октябрь райондук сотунун мекемесине бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат жалган болуп чыкты – ИИББ

 Октябрь райондук сотунун мекемесине бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат жалган болуп чыкты – ИИББ

Бишкек, 16-январь /Кабар/. Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунун мекемесине бомба коюлду деген маалымат ырасталган жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бомба тууралуу маалымат бүгүн саат 16:55 те 102 номери аркылуу түшкөн. Чалган адам Октябрь райондук сотунун арткы эшигинин жанына бомба коюлганы тууралуу айткан. Чалуу жашыруун номерден түшкөн. Чалуучу байланыш телефонун калтырган, бирок кийин андай номер жок экени белгилүү болду.

“Ушуга байланыштуу мекеме толугу менен курчоого алынып, кызматкерлер эвакуацияланды. Ал жерде УКМКнын саперлери менен ИИББнын кызматкерлери иштешип, бирок эч нерсе табылган жок”,-деп айтлат билдирүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу