16.01.2017, 18:10

Октябрь райондук сотунун мекемесинде бомба изделүүдө

 Октябрь райондук сотунун мекемесинде бомба изделүүдө

Бишкек, 16-январь /Кабар/. Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунун мекемесинде ьомба издөлүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык ИИББ билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, саат 16:55 те 102 номерине белгисиз номерден чалуу түшүп, сот мекемесине бомба коюлганы кабарланган. Ушуга байланыштуу мекеме толук курчоого алынып, кызматкерлер эвакуацияланган.

Азыркы учурда милиция жана УКМКнын кызматкерлери мекемени текшерип жатат.