Коом

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
16/01 18:27
 

«Боинг-747» учагы кырсыктаган жерде алгачкы «кара ящик» табылды

Бишкек, 16-январь /Кабар/. Бул туурасында бүгүн, 16-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиевдин төрагалыгы астында өткөн ыкчам кеңешменин жүрүшүндө белгилүү болду. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Бүгүн, 16-январда «Манас» Эл аралык аэропортуна жакын жайгашкан Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун курулуш башкармалыгынын дачаларында «Боинг-747» авиациялык кырсык катталган жерде, алгачкы «кара ящик» табылды.

Учурда куткаруучу бригада тарабынан учактын калган ящиктери изделүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу