Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/01 18:07
 

"Trend": Түркия самолеттун кыйроо себептерин иликтөө үчүн Кыргызстанга комиссия жиберет

"Trend": Түркия самолеттун кыйроо себептерин иликтөө үчүн Кыргызстанга комиссия жиберет

Trend. ТүркиянынТранспорт, кеме жана коммуникация министрлиги жүк тарткан самолеттун кыйрашынын себептерин иликтөө максатында 2 эксперттин Кыргызстанга жиберет, деп айтылган Транспорт ведомствосунун билдирүүсүндө.

Түркиянын Транспорт, кеме жана коммуникация министри Ахмет Арслан кыргыз кесиптеши Жамшит Халилов менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө авиакырсыкка байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, кырсыктын себептерин иликтөөгө Анкара жардам берүүгө даярдыгын билдирди.

АСТ түрк авиакомпаниясынын жүк тарткан Boeing 747-400 самолету дүйшөмбүдө Кыргызстандын башкалаасындагы “Манас” эл аралык аэропортунун учуу-конуу тилкесинен 1,5 км аралыкта кыйроого учураган. Самолет аэропорттун чекесиндеги Дача айылына кулап 32 үйдү кыйраткан. 37 адам каза болгону маалымдалууда. Жүк тарткан самолет Гонконг-Бишкек-Стамбул багытында учуп, анын экипажы 5 адамдан турган.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу