Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/01 17:52
 

Төрага Чыныбай Турсунбеков жүк ташуучу Боинг-747 учагы кыйраган айылдагы кырдаалдан жеринде кабар алды

Төрага Чыныбай Турсунбеков жүк ташуучу Боинг-747 учагы кыйраган айылдагы кырдаалдан жеринде кабар алды

Бишкек, 16-январь /Кабар/. Бүгүн, 16-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков "Манас" эл аралык аба майданына жакын жердеги жүк ташуучу Боинг-747 үлгүсүндөгү учак кыйроого учураган аймак менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.

Төраганы парламенттик фракциялардын жетекчилери баштаган Жогорку Кеӊештин депутаттары Иса Өмүркулов, Алмазбек Баатырбеков, Өмүрбек Бабанов, Алтынбек Сулайманов, Мирлан Бакиров, Осмонбек Артыкбаев, Сайдолимжон Жураев, Марат Аманкулов жана башкалар коштоп жүрдү.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев жана тиешелүү органдардын өкүлдөрү жүргүзүлүп жаткан куткаруу иштери тууралуу маалымат берип, кырсыктын кесепеттерин жоюу, жаракат алгандарга жана каза болгондордун туугандары менен жакындарына медициналык-психологиялык жардам көрсөтүү жаатында жасалып жаткан аракеттер жөнүндө учкай кеп кылышты.

Белгилүү болгондой, куткаруу иштери күнү-түнү улантылат. "Куткаруу аракеттери үчүн кырсык болгон аймакты жарыктандыруу жумуштары жасалат",- деди биринчи вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев.

Ал эми Төрага Чыныбай Турсунбеков кырсыктан жабыр тарткандардын жана каза болгондордун жакындарынын бардык муктаждыктарын камсыздоого Өкмөт өкүлдүрүн милдеттендирип: "Эч ким көӊүл сыртында калбашы керек" - деди. Ошондой эле Жогорку Кеӊештин тармактык комитеттеринин жетекчилерине жабыркагандарга жардам көрсөтүү багытындагы тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу