Бишкек, 16-январь /Кабар/. Грузия Президенти Георгий Маргвелашвили телефондук сүйлөшүүдө Президент Алмазбек Атамбаевге Бишкектин жанында учактын кыйрашынын айынан адам курмандыктарына байланыштуу көӊүл айтты. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Бүгүн, 16-январда Грузия Президенти Георгий Маргвелашвили телефондук сүйлөшүүдө Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге жана өлкө калкына Бишкектин жанында учактын кыйрашынын айынан адам курмандыктарына байланыштуу көӊүл айтты.