16.01.2017, 16:52

ИИМ академиясынын кызматкерлери учактын кыйрашынан жабыркагандарга акча которушат

Бишкек, 16-январь /Кабар/. КР Ички иштер министрлигинин академиясынын кызматкерлери 16-январь күнү эртең менен учак кыйроосунан жабыркагандарга 1 күндүк айлык акысын которушат. Бул тууралуу ИИМ академиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим ИИМ академиясынын жеке курамынын жалпы чогулушунда кабыл алынды. Академиянын жеке курамы авиакырсыктын кесепетинен каза болгондордун жакындарына көңүл айтат. Азыркы учурда ИИМ академиясында 300 дөн ашык кызматкер эмгектенет.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Дача-Суу айылындагы турак үйлөрдүн үстүнө учак кулап, анын кесепетинен 23 үй жабыркап, 30 дан ашык адам каза болгон, алардын арасында чоңдор, балдар жана экипаждын мүчөлөрү дагы бар.