Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/01 15:58
 

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев авиакырсыктан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

Бишкек, 16-январь /Кабар/. Бүгүн, 16-январь эртең менен Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-Суу аймагынын жанында, "Манас" аэропортунан анча алыс эмес жерде көп сандагы адамдын өмүрүн алган учак кырсыгына байланыштуу, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сёз кызматы билдирди.

“Бүгүн, таң эртеден болгон окуя бардыгыбыздын жүрөгүбүздү титиретти, кабыргабызды кайыштырып, бүтүндөй кыргыз элинин жүрөгүн ыйлатты. Бул биз үчүн чоң жоготуу. Каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун демекчимин. Кайрат кылыңыздар!”,-деди А.Кадырбаев.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Гонконг — Стамбул каттамы менен келе жаткан Boeing – 747 жүк ташуучу учагы "Манас" аэропортуна жакын Дача-Суу айылына кулап түшкөн.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу