Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/01 15:47
 

Соцфонддун 1-Май районунун 9 кызматкери кызматынан бошотулду

Бишкек, 16-январь /Кабар/. КР Соцфондунун 1-Май районунун 9 кызматкери кызматынан бошотулду, деп билдирди КР Социалдык фондунун басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, мындан мурда, 2014-2015-жылдары КР Соцфондунун Биринчи Май районунунун кызматкерлери 11 миң 772 даана камсыздандыруу полистерин реализациялоодон түшкөн акча каражатын жымырып алышкандыгы, натыйжада мамлекетке 9 млн. 980 миң 930 сом акча каражатына зыян келтирилгендиги маалымдалган.

КР Социалдык фондунун басма сөз кызматынан билдиргендей, КР Соцфондунун Биринчи Май районунун башкармалыгына ички аудиттин жүрүшүндө камсыздандыруу полистеринин жетишсиздиги аныкталган. Мында жеке адамдар менен иштөө бөлүмүнүн 9 кызматкери камсыздандыруу полистерин реализациялоо боюнча отчетторун тапшырышпагандыгы ачыкталган. Бул боюнча материалдар КР МУККга берилип, тергөө жүрүүдө.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу