16.01.2017, 15:32

Саламаттыкты сактоо министрлиги авиакырсык учурунда өлгөндөрдү таанып-билүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү

Бишкек, 16-январь /Кабар/. КР Саламаттыкты сактоо министрлиги министр Талантбек Батыралиевдин атынан КР жарандарына өлгөндөрдү таанып-билүүгө медициналык кызматкерлерге көмөк көрсөтүүнү өтүндү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Елена Баялинова билдирди.

Анын айтымында, мурда “Авиатор” деп аталган бул кырсык болгон жерде жашагандардын так маалыматтары жок.

“Өлгөндөрдүн тизмесин түзүү жоопкерчилиги Республикалык сот-медициналык экспертиза бюросунун кызматкерлерине жүктөлүүдө. Учурда ал жайда өлгөн 9 адамдын денеси турат”, -деди ал.