16.01.2017, 15:30

ӨКМ калктан гуманитардык көмөк кабыл алуу пункттарын уюштурду

ӨКМ калктан гуманитардык көмөк кабыл алуу пункттарын уюштурду

Бишкек, 16-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан «Боинг -747» учагынын авиациялык кырсыгынын натыйжасында жабыркагандарга көмөк көрсөтүүнү каалаган жарандардан гуманитардык көмөк кабыл алуу пункттары уюштурулду. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Гуманитардык көмөк көрсөтүүнү каалаган жарандар төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

1.Бишкек шаары боюнча КР ӨКМ башкармалыгы, Горький көч. 142. Тел.: (0312) 56 47 02, 0770 800 444 (ыкчам нөөмөт).

2. Ош облусу боюнча КР ӨКМ башкармалыгы, Шакиров көч.16А. Тел.: (03222) 6 65 57, 0770 80 00 40 (ыкчам нөөмөт).

Ошондой эле республиканын областтарында жабыркагандарга гуманитардык көмөк кабыл алуу пункттары уюштурулууда.