Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/01 15:24
 

Мухамметкалый Абулгазиев: “Учактык кыйрашы боюнча эч нерсе айта албайбыз”

Бишкек, 16-январь /Мехринисча Сулайманова-Кабар/. “Биз эч нерсе айта албайбыз”,-деди КРнын 1-вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Боинг 747-400 жүк ташуучу учагынын кыйрашынын версиялары тууралуу.

Мындан тышкары, окуя болгон жердеги өзүнүн брифингинин жүрүшүндө А.Абулгазиев кыйроонун негизги версиясы экипаждын катачылыгы деп атады. Ал учкучтар “Манас” аэропортуна биринчи жолу конуп жатышкан жок, ошондуктан алар бул жерди билишчү депди ал.

Ошондой эле, вице-премьер-министр жүк ташуучу учактын кулашынын кесепетинен 31 адам, анын ичинде экипаждын 4 мүчөсү курман болгонун белгиледи. “Экипаждын бири ооруканада каза болду. Абдан коркуп калган абалында ал кыйроодон кийин басып жүргөн. Каза болгондордун калган 27 си жергиликтүү жашоочулар болуп саналат, каза болгон балдардын саны азырынча такталып жатат. Жалпысынан учак кырсыгынан 23 турак үй жабыркады. 9 жабырлануучу азыр ооруканада, алардын арасында абалы оорлору дагы бар. Мындан тышкары, куткаруучулардын адамдын денелеринин бөлүктөрүн таап жатышат. Бары болуп окуя болгон жерде 300 куткаруучу, ИИМдин 500 кызматкери, 60 ка жакын медиктер, тез жардам кызматынын 14 бригадасы, Улуттук гвардиянын 90 солдаты, Транспорт министрлигинин 100 кызматкери, техниканын 20 түрү иш алып барууда”,-деген ал сыныктардын арасында тирүү калгандар болгонун кошумчалады.

Муну менен катар М.Абулгазиев кулап түшкөндөн кийин учак бир нече бөлүктөргө бөлүнүп кеткенин билдирди. “Боинг кулап, тетири айланып калган. Учактын ичиндеги жүктөр дагы өрттөнгөн. 12:00го карата кыйроо 50%га талданды. Өртү өчүрүү иштери уланууда. Өрт суу менен өчүрүлүүдө, андан кийин аны аны төгүү ишти кыйындатып жатты”,-деп түшүндүрдү ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу