Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/01 15:09
 

Боинг 747-400 самолетун кондурууга «Манас» аэропортунда бардык шарттар болгон - Мухамметкалый Абулгазиев

Боинг 747-400 самолетун кондурууга «Манас» аэропортунда бардык шарттар болгон - Мухамметкалый Абулгазиев

Бишкек, 16-январь /Кабар/. Боинг 747-400 самолетун кондурууга «Манас» аэропортунда бардык шарттар болгон. Бул тууралуу кырсык болгон жердеги брифингде 1-вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн 16-январда саат 7:17де Боинг 747-400 конууга уруксат сураган жана дитпетчерлер уруксат берген.
“Эгерде самолеттон көрүү 300 метрден жогору болсо, конууга болот деген атайын көрсөткүч бар.
Боинг 747-400 үчүн көрүү 325 метрди, каптал тарабынан 400 метрди түзгөн. Мында эреже боюнча кантип конууну экипаж өзү чечүү керек. Бул экипаждын күнөөсү деп айта албайбыз, бирок бул версия негизгилердин бири болууда”,-деди ал.

Ошондой эле, М.Абулгазиев самолет туманга байланыштуу тилкеден учуп өтүп, дачадагы айылга барып кыйраганын айтты.

“Бул алдын -ала айтылган божомол. Экипаждын мүчөлөрү 4 айдан бери бул аэропортка 3 мертебе конушкан. Кырсык болгон жерге түрк компаниясынын өкүлү келип, учкучтар биздин аэропортту билишерин белгилели”, -деп кошумчалады 1-вице-премьер-министр.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу